Үймө-үй кыдырып динди жайылтууга тыюу салган мыйзам долбоору иштелүүдө

Үймө-үй кыдырып динди жайылтууга тыюу салган мыйзам долбоору иштелүүдө

Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиги боюнча мыйзам долборуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карап жатат. Аталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов үймө-үй кыдырып динди жайылтууга тыюу салган мыйзам долбоору иштелип жатканын билдирди.

«Муну дааватка тыюу деп кабыл албаш керек. Дааваттар өз жолу менен улана берет, чектөө үйлөрдү, батирлерди жеке кыдырып, үгүт жүргүзүүгө коюлат», — деди ал.

Кыргызстанда жалпы христиан дини боюнча жалпы 396 чиркөө бар. Анын ичинен чиркөө 233, диний уюмдар 96, христиан багытындагы окуу жайлар 10, кайрымдуулук фонддор 14, храмдар 43, бахаизм 12, буддизм 1. Ал эми Кыргыз өлкөсүндө Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн 3 миң 294 диний уюм бар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>