Үрөй учурган жол кырсыгы: Бишкекте жеңил унаа менен автобус сүзүшүп, 4 адам каза болду (видео)

Үрөй учурган жол кырсыгы: Бишкекте жеңил унаа менен автобус сүзүшүп, 4 адам каза болду (видео)

Бишкектеги Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө тактап айтканда, Киргизия-2 жаңы конушунун тушунда 2 унаанын катышуусунда үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 9-сентябрда болгон. Анда жеңил унаа менен жүргүнчүлөрдү ташыган автобус бет маңдай сүзүшкөн. Эки унаанын кагышуусунан үчүнчү машина дагы жабыркаган.

Кырсык тууралуу маалымат ӨКМга саат 15:35те келип түшкөн. Кырсык болгон жерге ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынан 6 куткаруучу тартылган.

Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктын кесепетинен 2 адам окуя болгон жерден мерт кеткен. Ал эми тез жардам кызматы 7 киши жабыркап, 4 адам каза болгондугун кабарлады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>