Өкмөттү алмаштыруу үчүн министрлер кабинетин түзүү аракети башталды

Өкмөттү  алмаштыруу үчүн  министрлер кабинетин түзүү аракети башталды

Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүн  алмаштыруу үчүн жаңы министрлер кабинетин түзүүгө даярдыктар башталды. Мындай маалымат Reporter.kg агенттигине Ак үйдөгү өздүк булактардан келип түштү.

Ага ылайык, эксперттер тобу жаңы өкмөттүн курамын аныктап, министрликтерди,  ведомстволар менен агенттиктерди жетектей турган адамдардын талапкерлигин талкуулашат. Учурдагы министрлер кабинетинин бир бөлүгү жаңы өкмөттүн курамына кирет. Бирок ал, министрлер менен мамлекеттик жетекчилердин ишинин натыйжасына байланыштуу болот.

Белгилей кетсек, жаңы өкмөттүн негизги милдети 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоону өткөрүүгө багытталат. Ал эми  министрлер кабинетинин максаты  парламенттик шайлоону ишке ашырууга шайкеч келүү керек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>