Өкмөт өкүлү: Чек арада абал тынч

Өкмөт өкүлү: Чек арада абал тынч

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Ак-Сай айыл аймагында, Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында, Баткен райондук суу чарба ишканасынын кызматкерлери тарабынан оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жаткан учурда Тажикстандын чек арачылары келип, оңдоп-түзөө жумуштарын токтотууну талап кылышкан. Натыйжада пикир-келишпестиктер орун алган.

Окуя болгон аймакка Баткен жана Тажикстандын Исфара районунун акими баш болгон тийиштүү жетекчилер барып, сүйлөшүүлөр жүргөн. Окуя болгон жерге өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да барышкан. Орун алган окуя боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.

Тараптар бул маселе боюнча 22-апрелде Өзбекстандын Фергана шаарында өтүүчү форумга болгон иш сапардын алкагында жолугуп, сүйлөшүүнү макулдашышты. Ал эми бүгүн, 18-апрелде Баткен жана Исфара районунун акимдеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөр уланат. Белгилей кетсек, оңдоп-түзөө жумуштарынын негизги бөлүгү аяктады. Тажик тараптын оңдоп-түзөө жумуштарын биргеликте жасайбыз деген талабына кыргыз тарап макул болгон жок. Учурда Баткен облусунун чек аралаш аймактарында абал туруктуу экени айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>