Өкмөт башчы: Форс-мажордук кырдаалга даяр болуп, дары-дармектин запасын камдоо керек

Өкмөт башчы: Форс-мажордук кырдаалга даяр болуп, дары-дармектин запасын камдоо керек

Керектүү дары-дармектердин запасын өз убагында толуктап туруу маанилүү. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.  

«Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ушул тапта республикада зарыл медикаменттердин үч айга  жетиштүү көлөмү бар. Бул жакшы. Бирок айрым учурда форс-мажордук кырдаалдар дагы болуп калат. Мисалы, COVID-19дун биринчи толкуну болгондо айрым дары каражаттары дарыканаларда жетишсиз болду. Экинчи толкун болот деп айтылып жатканына байланыштуу дары-дармектерге муктаждык жаралбаш үчүн ар кандай жагдайга даяр турушубуз керек», — деди Кубатбек Боронов. 

Премьер-министр ошондой эле вакцина менен максималдуу түрдө камсыз кылуунун маанилүүлүгүнө токтолду. 

«Аймактарга сасык тумоого жана курч респиратордук вирустук инфекцияга каршы вакцинанын биринчи партиясы жеткирилди. Кийинки партияларды күнүгө жеткирип туруу зарыл. Жеке клиникалардын акы төлөнүүчү негизде эмдөө жүргүзүүсүнө жардам берүү керек. Ошондой эле COVID-19га каршы вакцина менен камсыз кылуу боюнча келишимдерге жетишүү боюнча ишти күчөтүү керек», — деп белгиледи өкмөт башчы. 

Кубатбек Боронов аймактардагы ооруканаларды ремонттоо жана профилин өзгөртүү боюнча иштерди аяктоо тапшырмасын берди. Бүгүнкү күндө 12 медициналык мекеменин ичинен 7 саламаттык сактоо уюму толугу менен курулуп, оңдолуп, жабдылды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>