Өкмөт башчы Түркиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Өкмөт башчы Түркиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Премьер-министр Улукбек Марипов Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Женгиз Фыратты кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Женгиз Фыраттын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу  аны Улукбек Марипов кабыл алган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы Элчиге өлкөдөгү жемиштүү иши, ошондой эле Түркия Өкмөтүнө коронавирус инфекциясына каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдиген.

Жолугушууда тараптар соода, тоо-кен өндүрүшү, транспорт, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкка тийиштүү, ошондой эле Кыргызстанда өтүүчү Кыргыз-Түрк соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын кеңешин жана бизнес-форумду өткөрүү боюнча  маселелерди талкуулаган.

Жолугушуунун жыйынтыгында Өкмөт башчы элчини өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташы менен куттуктап, ишине ийгликтерди каалаган.

Рубрики: КООМ , САЯСАТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>