Өкмөт башчы: Туризм тармагында системалуу иш болбой жатат

Өкмөт башчы: Туризм тармагында системалуу иш болбой жатат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев туризмди өнүктүрүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеде туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу жана «Кыргызтуризм» мамлекеттик ишканасынын директору Данияр Казаков туризм тармагынын азыркы абалы жана өлкөнүн туристтик дараметин арттыруу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт туризмди экономиканын толук кандуу тармагына айлантууга багыт алганын белгиледи.

«Туризм боюнча биздин жарандардын аң сезимин өзгөртүү керек. Тилекке каршы, туристтик тармактын жетекчилеринин үнү угулбайт. Силер бизнес үчүн багытты формулировкалоодо керектүү сигнал бере албай жатасыңар. Бул жергиликтүү өз алдынча органдардын дагы, калктын дагы, бизнестин дагы кыйла натыйжалуу багыттар боюнча туризмди өнүктүрүү зарылдыгын түшүнбөстүгүнө алып келет. Ушул кезге чейин туристтик Кыргызстан деген эмне экени тууралуу так баам жок. Туризм тармагына кандай долбоорлор керек, локациясы жана көлөмү кандай болуш керек деген айкын түшүнүк да жок. Ошол эле учурда жылдан-жылга туристтердин,  туризм объектилеринин саны көбөйүүдө. Системалуу иш болбой жатканы айкын. Мындай жагдайда натыйжалуу бизнес-моделдери киргизүү менен дагы өлкөнүн туристтик  кудуретин толук кандуу колдонгонго мүмкүнчүлүк  болбойт», – деди өкмөт башчы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>