Өкмөт башчы: Учурда тоо кен ишканалары санитардык талаптарга ылайык, үзгүлтүксүз иштеп жатат

Өкмөт башчы: Учурда тоо кен ишканалары санитардык талаптарга ылайык, үзгүлтүксүз иштеп жатат

Премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөнүн ички дүң продукциясынын өнөр жай тармагындагы абал боюнча маалымат берди.

2020-жылдын 8 айында өнөр жай тармагында 205 млрд 626 млн сомго продукция өндүрүлгөн. (100,1%), «Кумтөрдү» эсепке албаганда көлөм 88 млрд 317,2 млн сомду түзгөн. Ал эми физикалык көлөмдүн индекси 90,4% болгон. Ошондой эле 8 айда өнөр жай өндүрүшүнүн ичинен: негизги металлдар жана даяр металл буюмдарын өндүрүү (тагыраак айтканда алтын өндүрүү) 11,6 %га өскөн.

«Ушул жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча 13 735 кг тазаланган алтын өндүрүлдү: өсүш + 110,1%. Бул тармакта өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшүн «Кумтөр» жана «Алтынкен» ишканаларынын көлөмү көрсөтөт.

Тоо кен тармагынан түшкөн салыктар боюнча айтсак. 2020-жылы 8 айда бюджетке салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдөн 10 885 753,3 миң сом түштү, 83,7%, ал эми 2019-жылы 1 жыл ичинде 12 999 254,4 миң сом түшкөн.

Мунун ичинен: — Кумтөрдөн дүң киреше салыгынан 2020-жылы 8 айында – 6 133 424,6 миң сом түштү, 81,2%. — Алтын өндүргөн компаниялардан киреше салыгынан – 1 729 285,5 миң сом, 210,1%», — деп маалымат берди өкмөт башчы.

Боронов учурда ири тоо кен ишканалары санитардык жана карантиндик стандарттарга ылайык, үзгүлтүксүз иштеп жатканын белгиледи.

«Үстүбүздөгү жылы төмөнкү долбоорлорду ишке киргизүү пландаштырылган:  1. Жерүй кениндеги алтын өндүрүү фабрикасы. Учурда курулуш-монтаждоо иштери аяктап, пайдаланууга берүү иштери жүрүп жатат. Расмий ишке киргизүүнү 2020-жылдын IV кварталынын башында пландаштырып жатабыз. 2. Терек, Тереккан жана Перевальное кендеринде алтын өндүрүү фабриканын жана инфраструктуралык объектилердин курулушу башталды.

12-сентябрда мен жогоруда аталган тоо-кен ишканасында болдум. Ал жерде 702 адам иштейт, алардын 96% жергиликтүү тургундар. Жыл сайын ишкана бюджетке салыктык чегерүүлөр түрүндө болжол менен 1 млрд сом которот. Ишкананын кубаттуулугу жылына 1 млн тонна руданы кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Учурда компания алтын өндүрүү фабрикасы жана калдык сактоочу жайдын (хвостохранилище) курулушуна даярдык көрүүдө», —  деди премьер-министр.

Ошондой эле Кубатбек Боронов инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда бардык экологиялык талаптардын сакталышы катуу көзөмөлдө турганын кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>