Өкмөт башчы Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барат

Өкмөт башчы Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы ички жолдордун абалын текшерип, бир нече жалпы билим берүү мектептерин кыдырып, Чаткал жана Ала-Бука райондорунун ички чарбалык суу каналдарын көрүп чыкмакчы.

Мындан тышкары премьер-министр «Кичи-Чаарат» ЖАК фабрикасынын ачылышына катышат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>