Өкмөт: Бишкек менен Ошко 100 орунду инфекциялык оорукана курулат

Өкмөт: Бишкек менен Ошко 100 орунду инфекциялык оорукана курулат

Бишкек жана Ош шаарларында 100 орунду инфекциялык ооруканаларды куруу долбоорун даярдоо башталды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Премьер-министр өкмөт кырдаалды оңго салуунун үстүндө катуу иштеп жаткандыгын белгиледи.

«Борбор калаада Республикалык инфекциялык оорукананын аймагында курулуш үчүн жер тилкеси аныкталды»,-деди ал.

Ошондой эле, ал өкмөт дары-дармектердин жетишсиздигин жоюуу максатында чараларды көрүп жаткандыгын билдирди. Өзбекстандан «Гепарин» каражатынын партиясы келген, жакынкы арада Кытайдан дары-дармектер алынып келинет, ошондой эле Индия жана Иран менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Андан сырткары, өлкөнүн алдыңкы медицина адистеринин кеңештерине ылайык, өлкө башчы менен жакында болуп өткөн жолугушуунун жыйынтыгында, мамлекеттик дарылоо алгоритмдерине кошумчалар киргизилген. «Гепарин» жана «Клександын» алмаштыргычтары колдонулуучу дары каражаттарынын тизмегине кирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>