Өкмөт Ирактагы Кыргызстандын жашы жете элек балдардын алып келүүгө Багдад шаарына барат

Өкмөт Ирактагы Кыргызстандын жашы жете элек балдардын алып келүүгө Багдад шаарына барат

Өкмөт Ирактагы Кыргызстандын жарандарын-балдарын  алып келүү маселесин иштеп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында Ирак Республикасынын пенитенциардык мекемелериндеги жашы жете элек балдарды үйлөрүнө алып келүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар өз ара кызматташып, иш алып барууда.

Маалыматка ылайык, Ирактагы жашы жете элек балдарды кайра алып келүү жана кайра интеграциялоо боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. Жакынкы арада жумуш топ тийиштүү документтерди толтуруу жана балдарды Кыргызстанга алып келүү үчүн Багдад шаарына баруусу пландалды. Аларды кайтарып келүү менен реаблитациялоо иштерин жүргүзүү үчүн план иштелип чыкты.

Мындан тышкары Сириядагы кыргыз жарандарынын санын тактоо  тууралуу тийиштүү иштер аткарылууда.  Бул иш премьер-министр Мухеммедкалый Абылгазиевдин жеке көзөмөлүндө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>