Өкмөт: Кумшекер өлкөгө бажы алымысыз киргизилет

Өкмөт: Кумшекер өлкөгө бажы алымысыз киргизилет

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) кеңеши 15-майдан 30-сентябрга чейинки мезгилде шекерди бажы алымысыз киргизүү түрүндө тарифтик жеңилдетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Мындай чечим вице-премьер-министр, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаковдун видеоконференцбайланыш режиминде өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйынында кабыл алынган.

Белгилүү болгондой, Кыргызстанга 40 миң тоннадан ашпаган көлөмдөгү, Арменияга – 22,4 миң тоннадан ашпаган, Казакстанга – 134,4 миң тоннадан ашпаган, Орусияга 350 миң тоннадан ашпаган  көлөмдөгү шекерди киргизүүдө бажы алымынан бошотулат.

Кеңештин аталган чечими анын расмий жарыяланган күнүнөн тартып 10 календардык күн өткөн соң күчүнө кирери айтылат.

ЕЭК Коллегиясы Биримдикке кирген мамлекеттер менен биргеликте ай сайын, тарифтик жеңилдикти колдонуу менен шекердин импорттолгон иш жүзүндөгү көлөмүнө, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин ички рыногундагы сатуу көлөмүнө мониторинг жүргүзүп, ЕЭК кеңешине маалымат берип турат.

Тараптар рыноктогу шекердин баасына байланыштуу абалды эске алуу менен, зарыл болгон учурда үстүбүздөгү жылдын июль айында кошумча стабилизациялык чаралар тууралуу маселени кароого кайрылууну макулдашкан.

Учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнө кирбеген өлкөлөрдөн ташылып келинген шекерге импорттук алым тоннасына 340 долларды түзөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>