Өкмөт Солтон-Сары кенине берилген лицензия боюнча түшүндүрмө берди

Өкмөт Солтон-Сары кенине берилген лицензия боюнча түшүндүрмө берди

Кытайлык «Zhong Ji Mining Company» компаниясы Солтон-Сары кенинде 2009-жылдан тартып иштейт. Бул тууралуу Өкмөттүн тараткан маалыматында айтылат.

Аталган кен Нарын облусундагы Капка-Таш тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3500-3600 метр бийиктикте жайгашкан. Татаалдыгы боюнча 4-топко кирет. Кен – Бучук жана Алтын -Төр деген 2 участоктон турат.

Учурда «Zhong Ji Mining Company» кытай-кыргыз компаниясы ЖЧКсы төмөнкү лицензияларга ээ:

Коомдун жетекчиси: КЭР жараны Сюй Говей;

Коомдун түзүүчүсү: «ЧАЙНА ГОЛД ГОНКОНГ БУЧУК МАЙНИНГ КОМПАНИ ЛИМИТЕД» Компаниясы — 100%.

Компаниянын лицензиялары жана ишмердүүлүгү

Биринчи лицензия 2009-жылыдын  20-декабрынан 2020-жылдын 2-февралына чейинки мөөнөткө берилген. Ал учурда Өкмөткө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигин Капар Курманалиев тарабынан берилген.

Кийин уруксат кагаздарын 2011-жылы Замирбек Эсенаманов, 2014-жылы Дүйшөнбек Зилалиев, 2018-жылы Сүйүнтбек Аликеев берген.

Акыркы уруксат кагазын 2018-жылы 9-февралда Сапар Исаков башында турган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши мезгилинде алган.

Аянты – 1500 га;

Жалпы төлөмдөр 211,9 млн сом, алардын ичинде:

Бонус- 49,3 млн сом;

ПУЛ- 8,0 млн сом;

Айыл чарба жоготуулары — 105,97 млн сом.

«Zhong Ji Minig Company» ЖЧКсынын 2012-жылдан 2019-жылга чейин жогорудагы лицензиялар боюнча лицензияларды кармап калуу төлөмүнө тийиштүү 900 000 сом бөлүнгөн.

Экинчи лицензия Солтон-Сарыдагы Бучук аймагына 2013-жылдын 4-февралынан 2033-жылдын 4-февралына чейин берилген. Ал убакта Өкмөтүнө караштуу Геология жана суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Ишенбай Чунуев жетектеп турган.

Солтон-Сары кенинин Бучук участкасынан алтын казууга 20 жылга уруксат берилген.

Аянты — 44,07 га.

Скатегориясы боюнча камы:

Кендин көлөмү – 3571,9 миң тонна;

Орточо камтылган алтын – 3,49 г/т,

Алтындын жалпы көлөмү – 12052,88 кг.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>