Өкмөттүн Таластагы өкүлүнүн кеңешчиси сүзүп кеткен бала ооруканада каза болду

Өкмөттүн Таластагы өкүлүнүн кеңешчиси сүзүп кеткен бала ооруканада каза болду

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлүнүн коомдук кеңешчиси Марслатбек Шералиев мас абалында коюп кеткен велосипедчен бала бүгүн каза тапты. Бул тууралуу маркумдун жакындары кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Талас районунун тургуну ооруканада үзүлгөн.

30-июль күнү Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунда болжол менен саат 17:30дар чамасында Toyota 4Runner үлгүсүндөгү унаа велосипедченди коюп кеткен. Андан соң жол жээкте токтоп турган Mercedes-Benz унаасын сүзгөн. Натыйжада велосипед айдап бара жаткан 26 жаштагы Көк-Токой айылынын тургуну реанимацияга жеткирилген.

Окуя болгон жерден тартылган видеодо аварияга Талас облусунун губернаторунун кеңешчиси себеп болгону айтылат жана тасмадан Марслатбек Шералиевдин мас экенин көрүүгө болот. Жергиликтүү милиция билдиргендей, учурда Шералиев убактылуу камоочу жайга киргизилди, иш боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Марслатбек Шералиев УКМКнын запастагы подполковниги. Ал 2017-жылы өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин кеңешчиси болуп дайындалган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>