ӨКМ: Өлкөнүн айрым аймактарында туруксуз аба-ырайы күтүлөт

ӨКМ: Өлкөнүн айрым аймактарында туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Өлкө аймагында 21-июлдан 23-июлга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Күтүлүп жаткан жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 21-июлда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда,  Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт.

Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>