ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

ӨКМ аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 15-16-сентябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт, айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаайт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын температурасы кескин төмндөйт.

17-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл-чарба иштерин, жайыттарда мал кармоону, автотранспорт, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Бишкек-Ош жолу сыяктуу алыскы жана тоолу жолдорго  сапарт тарта турган айдоочуларга ӨКМ төмөндөгү эрежелерди сактоону сунушайт:

  • Кыргызгидрометтин аба ырайы боюнча маалыматтарына көңүл буруу;

  • тоолуу унаа жолдорунан өтүүдө транспорт каражаттарынын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо;

  • автоунааларды кышкы колдонууга даярдоо (мисалы, кышкы дөңгөлөктөрдү даярдоо ж.б.);

  • жол аптечка, күрөк алып жүрүү.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>