ӨКМ Баткен аймагындагы көмүр шахталарындагы кырсыктын чоо-жайын айтты

ӨКМ Баткен аймагындагы көмүр шахталарындагы кырсыктын чоо-жайын айтты

5-6-октябрь күндөрү Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Сүлүктү шаарындагы шахталарда өз алдынча көмүр казып жаткан 6 адам газга ууланып каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көмүр шахталарындагы окуянын чоо-жайын айтты.

ӨКМ билдиргендей, 6-октябрда Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы №5 забойдо үч эркек адам 45 метр тереңдикте өз алдынча көмүр казып жаткан учурда газга ууланып каза болушкан. Алар 42, 33 жана 21 жашта эле.

Куткаруучулар каза болгондордун жансыз денелерин чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Сүлүктү шаарында 5-октябрында саат 09:24тө ЖЧК “Абдукахар-Кен” шахтасынан газ чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге куткаруучуларбарып, үч адамды оор абалда шахтадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп берген. 44, 42 жана 40 жаштагы көмүр казуучулар ооруканада жан берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>