ӨКМ: эртең дыйканчылык аймактарда үшүк жүрүшү мүмкүн

ӨКМ: эртең дыйканчылык аймактарда үшүк жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын аймагында жакынкы күндөрү күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Эртең түнкүсүн Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү өрүктүн гүлдөгөн жана гүлдөп гүлү түшкөн бүчүрлөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторуна коркунуч алып келет.

11-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

12-апрелде түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жана Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.  

13-апрелде түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 13-апрелде эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 13-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

14-апрелде түнкүсүн  көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 15-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 13-15-апрелдерде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>