ӨКМдин куткаруучулары сууга аккан эки адамдын сөөгүн издеп жатышат

ӨКМдин куткаруучулары сууга аккан эки адамдын сөөгүн издеп жатышат

Жумгал районунда  жана Ош шаарында сууга аккан эки адамдын сөөгү изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

29-июль күнү Ош-Араван каналына түшүп кеткен эркек кишини 6 куткаруучу суунун деңгээли чоң болгондугуна байланыштуиздеп таба алган эмес. Бүгүн кайрадан издөө уланытлат.

Ал эми Жумгал районундагы Көкөмерен дарыясына түшүп кеткен 55 жаштагы адам 17-июлдан бери изделип жатат.  

Өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин июль айынын башында тараткан маалыматына ылайык, жыл башынан бери өлкөдө 57 адам сууга чөгүп каза болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>