Өлкө башчы Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин атын ыйгарууну колдоду

Өлкө башчы Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин атын ыйгарууну колдоду

Президент Сооронбай Жээнбеков Күрп-Сай ГЭСине мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгаруу идеясын колдой турганын белгиледи. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-октябрда Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыкталышына байланыштуу иш-чарада билдирди.

«Энергетиканын юбилейин белгилөө учурунда Турдакун Усубалиевди эскерип кетүү абзел. Анын Күрп-Сай ГЭСинин курулушуна кошкон салымы баа жеткис. Ошол үчүн аталган станцияга Турдакун Усубалиевдин ысмын берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Мен бул чечимди колдодум», — деди өлкө башчы.

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн энергетиктерин быйылкы жылы белгилене турган Кыргызстандын энергетика тармагынын 85 жылдык юбилейи менен куттуктады. Алардын ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>