«Адилет»: Өлкө башчысынын милдетин аткарган адам президенттике талапкер боло албайт

«Адилет»: Өлкө башчысынын милдетин аткарган адам президенттике талапкер боло албайт

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 25-октябрда Нарын облусунун Кочкор районунда эл менен жолугуп жатып, кызматын тапшырып президенттик шайлоого катышарын айтты. Бул билдирүүдөн кийин анын талапкер болуп катталуусу канчалык мыйзамдуу деген талаш-тартыш жаралды. Бул маселе тууралуу “Адилет” укуктук клиникасынын юристтери да анализ жасап, жарыялашкан. 

Ага ылайык,  Өлкө башчысынын милдетин бир күн болсо да аткарган адам мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан президенттик шайлоодо талапкер боло албайт.

“Аталган маселени караганда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан президенттик шайлоодо, кызматтагы адамдар жана өлкө башчысынын милдетин аткарган адам бийликти жана административдик ресурсту колдонуп шайлоонун жыйынтыгына таасир тийгизбеши үчүн  Конституциялык мыйзам менен чектөө киргизилгенин белгилей кетүү керек. Президенттин ыйгарым укуктары токтотулгандан кийин 3 айдан кечиктирилбей жаңы шайлоо өткөрүлүшү керек.  Мындай болгондо Конституциядагы логикага ылайык, бир күн болсо да президенттин милдетин аткарган кызматтагы адамдар мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан президенттик шайлоого катышууга таптакыр укугу жок деп жыйынтык чыгаруу орундуу болот. Эгер президенттин милдетин аткарган кызматтагы адам 2 айга жакын иштеп, шайлоого бир нече күн калганда оставкага кетсе, анда Конституциядагы көрсөтүлгөн тыюулар өз маңызын жоготот”, — деп жазылат билдирүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясы 24-октябрдагы жыйынында кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөрүн жарыялаган.

Белгилей кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда митингге чыгып, нааразылыкка уланган окуялар, башаламандык, саясий кризис жана бийликтин алмашуусу менен аяктаган.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>