Өлкөгө аткезчилик менен кирген 800 миң сомдон ашык жүк кармалды

Өлкөгө аткезчилик менен кирген 800 миң сомдон ашык жүк кармалды

Аткезчилик жол менен ташылып келген жалпы суммасы 800 000 сомдон ашуун товарлар кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Алга айылында “VOLVO PH12” үлгүсүндөгү автотранспорт текшерген учурда ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан картон коробкаларга салынган керамика плиткалар (кафель) жана “EOCENE” маркасындагы макарон даярдоочу жабдык табылган. Кармалган товардын жалпы наркы 846 662 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тийиштүү мекемелерге өткөрүлүп берилген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>