Өмүрбек Бабанов Финполдо экинчи ирет 3 саат сурак берип чыкты

Өмүрбек Бабанов Финполдо экинчи ирет 3 саат сурак берип чыкты

Кечээ, 21-августта саясатчы Өмүрбек Бабанов экинчи ирет финансы полициясына сурак берүүгө барган. Ал суракка саат 17:10до кирип, сурактан саат 20:35те чыкты. Бирок ал кандай маселе боюнча сурак бергени тууралуу айтылбай турганын анын жактоочусу билдирди.

Жактоочунун айтуусунда, Бабанов ачылган иштердин бардыгына күбө катары чакырылып жатканын айтып, башка маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн колкат алынганын кошумчалады.

Бабанов Он-Адырдагы сүйлөгө сөзү боюнча суракка чакырылып жатат.

9-августта Бабанов Кыргызстанга кайтып келген. Аны тарапташтары Бишкектеги «Манас2» аэропортунан тосуп алышкан.

Өмүрбек Бабанов өлкөгө кайтарын жарыялаганда УКМК “Бабанов келсе мыйзам чегинде жоопко тартылат” деп билдирүү тараткан.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>