Өмүрбек Суваналиев: “Бүтүн Кыргызстанды” шайлоодон четтетүү саясий буйрутма

Өмүрбек Суваналиев: “Бүтүн Кыргызстанды” шайлоодон четтетүү саясий буйрутма

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясын шайлоодон четтетүү бул саясий буйрутманын негизинде ишке ашты. Мындай пикирин аталган партиядан талапкер Өмүрбек Суваналиев маалымат жыйында билдирди. 

“Борбордук шайлоо комиссиясы отурумунда алгач биздин партияны кабыл алуу чечимин чыгарды. Кийин тыныгуудан келип кайра катыштырбоо чечимин кабыл алышты.  Бул ачык эле көрүнүп турат, үстүртөн берилген саясий буйрутма. 

Биз өзгөрүү алып келели дегенбиз. Бизде күчтүү талапкерлер бар үчүн мына ушундай буйрутма болуп атат. Эгер алсыз эл шайлабай турган талапкерлер болсо анда акырын өткөрүп коймок.

БШК Турсунбай Бакир уулунун арызын кабыл алып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды.  Бул маселени сотко эле  жөнөтүп коюш керек болчу. Жөнөкөй техникалык ката үчун партияны четтетүү туура эмес”, — деди Суваналиев.

Белгилей кетсек, кечээ, 3-сентябрда БШК “Бүтүн Кыргызстан” партиясы талапкерлердин тизмесин түзүүдө эреже бузган деген доомат боюнча отурум өткөргөн. Анын жыйынтыгында партия чындап эрежелерди бузган деп ага шайлоого катышууга уруксат берген эмес. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>