Өмүрбек Суваналиев БУУнун ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолукту

Өмүрбек Суваналиев БУУнун ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолукту

Укук коргоо органдарынын координатору, Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Суваналиев БУУ коопсуздук маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкери Озонниа Ожиело менен жолукту.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Жолугушууда  өлкөдө түзүлгөн азыркы  оор коомдук-саясий кырдаал талкууланган.

Суваналиев чагымчыл элементтер тарабынан кырдаалды курчутууга аракеттер болуп жатканын айтып,  күч структураларынын жана укук коргоо органдарынын күчү жана каражаттары кырдаалды көзөмөлдөө үчүн жетиштүү экенин билдирген.

Ал эми Озонниа Ожиело Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу үчүн  БУУ керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билгилеген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>