Өмүрбек Текебаевдин апасы көз жумду

Өмүрбек Текебаевдин апасы көз жумду

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева бүгүн, 29-апрелде дүйнөдөн өттү. Саясатчынын апасы жакында 90го чыкмак. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын «Фейсбуктагы» расмий баракчасына жарыяланды.

Маалыматта Тилла Текебаева көптөн бери ооруп жатканы, Өмүрбек Текебаевге жана жакындарына терең кайрыгуу менен көңүл айтылганы жазылган.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 30-апрель Акман айылында өтөт.

Reporter.kg’нин жалпы жамааты Өмүрбек Текебаевге терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>