Өндүрүш Токтонасыров Конгантиевдин аты көчөгө коюлганына каршы пикетке чыкты

Өндүрүш Токтонасыров Конгантиевдин аты көчөгө коюлганына каршы пикетке чыкты

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Жогорку Кеңештин имаратынын алдына нааразылык акцияга чыкты.

Ал ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы “Көк-Жар” айылындагы көчөлөрдүн бирине берилгенине нааразы болуп, айыл башчысы менен айылдык кеңештин төрагасын кызматтан кетишин талап кылды.

“Анын кандай эмгектери үчүн ысымы берилгенин түшүндүруп берүүнү талап кылам. Булар 7-апрелде курман болгон баатырларды шылдыңдап жатышат”,- деген ал.

Белгилей кетсек, Молдомуса Конгантиевдин аты Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Көк-Жар конушундагы «Милициялар шаарчасындагы» көчөгө жергиликтүү тургундардын демилгеси менен коюлган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>