Өзбекстан 15-августка чейин карантиндик чектөөлөрдү узартты

Өзбекстан 15-августка чейин карантиндик чектөөлөрдү узартты

Өзбекстанда Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык комиссия өлкөдөгү карантиндик чектөөлөрдү 15-августка чейин узартты.

Комиссиянын чечимине ылайык, бул аралыкта өлкөдө массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынат. Жарандар аралыкты сактоого, көчөдө, коомдук жайларда, короолордо үчтөн ашык чогулбоого жана сөзсүз түрдө беткап кийип жүрүүгө милдеттүү болушат. Ошондой эле жашы 65тен өткөн адамдарга муктаждык болбосо үйдөн чыкпоо сунушталат.

Мындан тышкары 15-августка чейин коомдук транспорттун, кийим-кече саткан базарлардын, ири дүкөндөрдүн, парктардын, фитнес-клубдардын, бессейндердин, чач тарачтардын, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, окуу борборлорунун жана эс алуу жайларынын ишине тыюу салынат. Коомдук тамактануучу жайларга тамак-ашты кардардын үйүнө жеткирип берүү шарты менен гана иштөөгө уруксат берилет.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 20 531 кишиге жетти. Алардын ичинен 11 105 адам айыгып, 116 бейтап каза болду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>