Өзбекстан Тилек Матраимовду Кыргызстанга өткөрүп берди

Өзбекстан Тилек Матраимовду Кыргызстанга өткөрүп берди

Өзбек чек арачылары Тилек Матраимовду Кыргыз тарапка өткөрүп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 9-октябрь күнү Өзбекстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп жатып кармалган Кыргызстандын жарандары Тилек Матраимов, Зиябиддинбек Кочкорбаев, жана Махсуд Ахмедов аттуу адамдар Кыргызстандын укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. 

Алар 6-октябрда Өзбекстандын чек арасынан мыйзамсыз кирип жатып өзбек чек арачылары тарабынан кармалган. 

Учурда УКМК тарабынан «Кылмыш Жаза» Кодексинин 358-беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>