Өзбекстанда сегиз айда коронавируска караганда жол кырсыгынан өлгөндөр көп катталды

Өзбекстанда сегиз айда коронавируска караганда жол кырсыгынан өлгөндөр көп катталды

Өзбекстан ИИМинин Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгы январь-августта өлкөдө 3 596 авария катталганын маалымдады.

Бул жол кырсыктарынын 991и адам өлүмү менен аяктаган. 2605 учурда кырсыкка учуругандар ар кыл деңгээлде жаракат алышкан.

Авариялардын 1528и жөө жүргүнчүлөр, 619у балдар жана 471и велосипедчендердин катышуусунда болгон.

Расмий маалыматтар боюнча 2020-жылдын 8 айында жол кырсыктары 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,6% кыскарган. Былтыр январь-августта бул көрсөткүч 4116ны түзгөн.

Расмий маалыматтар боюнча Өзбекстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан 360 киши кайтыш болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>