Өзбекстанда той-аштарды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилет

Өзбекстанда той-аштарды өткөрүүгө чектөөлөр киргизилет

Өзбекстанда 2020-жылдын 1-январынан тарта «Той-аштарды өткөрүүнүн тартиптери тууралуу» парламент токтому күчүнө кирет.

14-сентябрда кабыл алынган токтомго ылайык, үй-бүлөлүк салтанаттарды бир гана күн — таңкы саат алтыдан түнкү 11ге чейин өткөрүүгө уруксат берилет. Бул эреже маркумду акыркы сапарга узатуу зыянатына тиешелүү болбойт.

Документте үй-бүлөлүк иш-чараларга 200гө чейин, үлпөт тойлорго 250гө жана ага байланышкан кулинардык салтанаттарга 300гө чейин адам катыша ала тургандыгы көрсөтүлгөн.

Токтомдо белгиленгендей, үлпөт той жана майрамдык салтанаттардын уюштуруучулары бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир жума эрте маалымат бериши керек болот.

Мындан тышкары токтом менен улуттук каада-салттарга каршы келген иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Алардын арасында маркумдун жетилигин, кыркылыгын жана ашын өткөрүү жөрөлгөлөрү бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>