Өзбекстанда жарандар бир күндүн ичинде дээрлик 10 миллион доллар сатып алышты

Өзбекстанда жарандар бир күндүн ичинде дээрлик 10 миллион доллар сатып алышты

Өзбекстанда коммерциялык банктары чет өлкөлүк валюталарды эркин сатуу башталган алгачкы күнү эле 9,6 миллион доллар сатышты. Бул тууралуу өлкөнун Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

20-августта Өзбекстандын Борбордук банкы коммерциялык банктар акча алмаштыруу жайлары аркылуу чет өлкөлүк валюталарды эркин сата баштай турганын билдирген.

Бирок ошол эле маалда мекеме ички валюта базарындагы абалга көз салуусун улантып, тышкы кырдаалдардын таасирин азайтуу жана негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн балансын камсыздоо үчүн базар механизмдерин колдоно берерин белгилеген.

Мурдараак өлкөнүн башкы каржы көзөмөл мекемеси акыркы айларда АКШ долларынын курсу бир нече фактордун таасири менен калыптанып келгенин кабарлаган. Алардын арасында дүйнөлүк экономикадагы тобокелдиктер менен соода жаңжалдарынын күчөшү, ошондой эле ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн ички жана тышкы базарлардагы баа атаандаштыгына туруштук берүү мүмкүндүгүнүн азайышы өңдүү факторлор бар экени айтылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>