Өзбекстанга 240 миң сомдук лампочка ташып бараткандар кармалды

Өзбекстанга 240 миң сомдук лампочка ташып бараткандар кармалды

Кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстандын эки жараны 240 миң сомдук  аткезчилик жүк менен кармалды. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы 2-августта кабарлагандай, жүктү 28 жана 29 жаштагы жарандар ташып бараткан.

“Чек арачылар Өзбекстанга багыт алган Hyundai-Porter  унаасын текшерүүгө алганда тийиштүү эч кандай документтери жок 24 миң даана лампочка табылган”, -деп жазылат билдирүүдө.

 Факты боюнча тиешелүү документтер түзүлүп,  материалдар Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнө жиберилеген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>