Өзбекстанга киргизүүнү көздөгөн маралдарды «Бугу-эне» фонду алмашкан

Өзбекстанга киргизүүнү көздөгөн маралдарды «Бугу-эне» фонду алмашкан

Кыргыз-өзбек чек арасында мыйзамсыз өткөрүүлүп бараткан беш марал «Бугу-эне» Коомдук фондуна тиешелүү болгон. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Бугу-Эне» коомунун президенти Салтанат Сеитованын түшүндүрүүсү боюнча, Европа эликтери 2012-жылы Казакстандан Каракол шаарынын «Бугу-эне» зоопаркына колекциясын көбөйтүү максатында алынып келинген. Ошондой эле Европа тукуму болгон деп көрсөтүлгөн.

12-апрелде «Бугу-эне» коомдук фонду менен У.Курбанов аттуу жарандын ортосунда алмашуу келишими түзүлгөн. Анда алуу-берүү актысы менен 5 Европа эликтери ( 2 эркек жана 3 ургачы) У.Курбановго берилип, ордуна (1 эркек жана 2 ургаачы) Африка страустары (Struthio camelus), “Битал” (Capra aegagrus hircus) эчкилери (1 эркек жана 1 ургаачы), “Розелла” (Platycercus) породасындагы (1 эркек ,1 ургаачы) тоту куштарды «Бугу-эне» коомдук фонду алган. Алмашуунун максаты келишим боюнча коллекциянын санын көбөйтүү жана багуу болуп көрсөтүлгөн.

Учурда тараптардын иш-аракеттеринин мыйзамдулуугун аныктоо боюнча Кадамжай милициясы тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканы кабарланат.

Кармалган Европа эликтерин Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин Баткен облусу боюнча «Биотүрдүүлүктү коргоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары» департаментине иликтөө иштери аяктаганча өткөрүлүп берилген.

Белгилей кетсек, 22-апрелде Баткен облусунун Кадамжай районунун Жаңы-Жер жергесинде орун алган. Анда чек ара кезмети мамлекеттик чек ара сызыгынын жанынан 1972-жылы төрөлгөн Т.Н. аттуу кыргыз  жаранына тиешелүү  Тойота-Превия   автоунаасын кармашкан.

Автоунааны текшерүү учурунда чек ара кезмети беш баш асыл маралдарды табышкан. Маралдардын жашы 1 жаштан 4 жашка чейин болгон, төрт жаныбардын мүйүздөрү жулунуу болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>