Өзгөчө абал. Такси кызматтары кандай талаптарды сактоо керектиги айтылды

Өзгөчө абал. Такси кызматтары кандай талаптарды сактоо керектиги айтылды

Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн, такси кызматынын айдоочуларында патент, унаага өткөрмө кагазы болушу керек. Бул тууралуу бүгүн брифингде Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Маалыматка ылайык, айдоочулар унааны күнүнө 3 жолудан кем эмес дезинфекциялап, бир буйрутманы аткарууда салондо 2 жүргүнчүнү гана алып жүрүүгө тийиш.

Ал эми жүргүнчүлөрдүн жанында сөзсүз түрдө өздүгүн күбөлөндүргөн документи, маршруттук баракчасы болушу шарт. Ошондой эле байланыш адамдардын чөйрөсүн аныктоо үчүн, унаанын номерин, маркасын, унаада жүргөн күнүн жана отурган убактысын жазып алуулары зарыл.

Белгилей кетсек, эртең, 1-майдан тарта такси кызматтары иштеп баштайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>