Өзгөндө таксистти өлтүрүп өрттөп салган өспүрүмдөр 2 айга камалды

Өзгөндө таксистти өлтүрүп өрттөп салган өспүрүмдөр 2 айга камалды

Өзгөн райондук соту таксистти өлтүргөнгө шектелип кармалган өспүрүмдөрдү 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

27-июлда саат 12:10 чамасында Өзгөндөгү Кара-Дарыя дарыясынын жээгинде күйгөн адамдын жансыз денеси табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө ал таксист болуп иштеген Зергер айыл өкмөтүнүн 29 жаштагы тургуну Ж.у.М. экени аныкталган.

Кылмышка шектүү катары Өзгөн шаарынын 16 жана 17 жаштагы тургундары кармалган.

Тергөөнүн алдын ала жүрүшүндө маалым болгондой, 20-июль күнү шектүүлөр Өзгөн шаарындагы базардан «ВАЗ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун Шералы айылына барып келүү үчүн 200 сомго жалдашкан. Бирок бара турган жерге жетип, айдоочуга 100 эле сом беришкен. Айдоочу ага макул болбой, өз ара жаңжал чыккан. Унаанын артында отурган өспүрүмдөрдүн бири сумкасынын жиби менен айдоочуну муунтуп, алдыңкы орундукта отурганы бетке ургулап өлтүрүп алышкан.

Андан соң алар айдоочунун жансыз денесин унаанын багажына салып барып, Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Дарья сайында өрттөп, сууга ыргытып салышкан.

Ал эми маркумдун унаасын минип жүрүшүп, 24-июль күнү кечке маал Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө алып барып өрттөп салышкан.

Учурда Жазык кодексиндеги “өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>