Өзгөндөгү үлпөт тойдо ок аткан жигит кармалды

Өзгөндөгү үлпөт тойдо ок аткан жигит кармалды

Өзгөндөгү үлпөт тойдо ок аткан жигит кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Интернетке тараган видео боюнча милиция иликтөө жүргүзүп, тойдун кайсы жерде өткөрүлгөнүн жана ок аткан ким экендигин аныктаган. 

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын М.М. аттуу тургуну 18-августта уулун үйлөнтүп, үлпөт той өткөргөнү аныкталган.

Ал эми тойдо асманга ок чыгарган Алай районунун Жаӊы-Арык айылынын 20 жаштагы Э уулу Ж аттуу тургуну экени аныкталып кармалган.

Ага кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ошондой эле маалыматта карантинде тыюуга карабай той өткөргөн үй бүлө мүчөлөрү менен да иш алып барылып жатканы айтылат.   

Буга чейин үлпөт тойдо тапанча менен асманга ок чыгарган жигиттин тасмасы тараган. Видео интернетте кызуу талкууланып, ок чыгарган жигиттин кылыгы коомчулуктун ачуусун келтирип жаткан. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>