№47 абактан бир катар тыюу салынган заттар алынды

№47 абактан бир катар тыюу салынган заттар алынды

Бишкек шаарында жайгашкан №47 түзөтүү колониясында тинтүү жүргүзүлүп, бир катар тыюу салынган заттар алынды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, абак жайдын кызматкерлери кызматтык иттердин жардамы менен тинтүү иш-чарасын 17-августта өткөрүшкөн.

Тинтүү учурунда табылган буюмдар:

16 — уюлдук телефон;
26 —  кулакчын
2717  сом акча каражаты,
41 — телефон кубаттагыч;
11 — телефондун аккумлятору;
2  литр брага (алькоголдук ичимдик);
2  — матал сейфи;
23  — килем;
4 — балта;
10 — оюун каратасы;
6 —  плитка чыгарган каражат;
1 — спираль;
1 —Вай-фай роутер;
114 —  кесүүчү жана көзөөчү буюмдар;
10 метр аркан ж.б бир ктара буюмдар табылган.

Буга чейин Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү колониясында  жана Беловодскийдеги №16 түзөтүү колониясында тинтүү жүргүзүлүп, ушундай эле тыюу салынган заттар алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>