10 бодосун алдап алган алдамчы кармалды

10 бодосун алдап алган алдамчы кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунун аймагынан 32 жаштагы Д.Н. 30 жаштагы М.А.нын ишенимине кирип 500 миң сомдук 10 бодосун алып, ошол бойдон дайынсыз жоголгон. Чүй милициясы алдамчылыкка шектүүнү Бишкек шаарынан колго түшүрдү. Бул туурасында Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча  кылмыш -жаза кодексинин 204 (Алдамчылык) беренеси менен катталган.

Учурда милиция кызматкерлери жогорудагы адамдын ушул сыяктуу 4 фактыга тиешеси бар экенин текшерип, тергөө иштери жүрүүдө.

Сотко чейинки тергөө иштери уланууда.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>