12-апрель: Коронавирус 145 адамдан аныкталып, 6 киши каза болду

12-апрель: Коронавирус 145 адамдан аныкталып, 6 киши каза болду

Акыркы суткада коронавирус өлкө аймагында 145 адамдан аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.

Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 107, Ош – 2, Чүй облусу – 25, Ош облусу – 1, Талас облусу – 0, Нарын облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 5, Жалал-Абад облусу – 3, Баткен облусу — 0.

Бүгүнкү күнгөн чейин республика аймагында жалпы 90 миң 372 кишиге коронавирус  жуккан, анын 86 миң 28и сакайды.

Соңку суткада COVID-19 илдетинен каза болгондордун жаңы учурлары: Бишкек – 3, Чүй облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 1. Бүгүнкү күндү кошо алганда илдеттен жалпы 1 миң 528 киши көз жумду.

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>