12 жаштагы кыз сексуалдык кулчулуктан куткарылды

12 жаштагы кыз сексуалдык кулчулуктан куткарылды

Пакистан полициясы 12 жаштагы христиан кызды 45 жаштагы мусулман аялдын сексуалдык кулчулугунан куткарды. Эркек киши кызды уурдап, бир нече ай күч менен өзүнүн үйүнө кармап келген. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Маалым болгондой, июнь айында уурдалган кызды бир нече жолу зордуктап, үйлөнүүгө мажбурлашкан, андан кийин «күйөө» аны чынжыр менен байлап, күнү-түнү сарайда кармап, мал кайтарууга мажбурлаган. Азыр кыз зомбулукка кабылгандар үчүн баш калкалоочу жайда.

Кыздын ата-энесинин арызына полиция көпкө чейин жооп бербей, жада калса, кызды мусулман уурдап кетти деп божомолдоп, аларды динге ишенгендердин сезимине шек келтирди деп айыптап коркутушкан деп ырастоодо. Полиция кыз жоголгондон үч айдан кийин расмий түрдө издей баштаган.

Укук коргоочулардын айтымында, Пакистанда жыл сайын христиан жана индус үй-бүлөлөрүнөн миңге жакын кыз зордук менен исламды кабыл алуу жана никеге туруу максатында уурдалат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>