Site icon Reporter.kg

13-май: Коронавирус 329 адамдан аныкталып, 6 киши каза болду

Gestellte Aufnahme. Symbolfoto: Coronavirus Diagnose. COVID-19, SARS-CoV-2. Berlin 17.03.2020 Berlin Deutschland *** Presented picture Symbol photo Coronavirus Diagnosis COVID 19, SARS CoV 2 Berlin 17 03 2020 Berlin Germany Copyright: xThomasxImo/photothek.netx

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 329 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 5319 кишиден ПЧР тест алынган.

Илдет аныктылгандар:

Бишкек шаарында – 205;
Ош шаарында – 9;
Чүй облусунда – 75;
Ош облусунда – 3;
Талас облусунда – 2;
Нарын облусунда – 5;
Ысык-Көл облусунда – 18;
Жалал-Абад облусунда – 9;
Баткен облусунда – 3.

Ошондой эле инфекция 12 медицина кызматкеринен табылган.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 309 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 5, Чүй облусунда 1 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 99 миң 645 адамдан аныкталды. Анын ичинен 92 миң 718 бейтап айыгып, 1 миң 681 киши каза болду.

Exit mobile version