Site icon Reporter.kg

14-май: Коронавирус 200 адамдан аныкталып, 6 киши каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 200учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 5319 кишиден ПЧР тест алынган.

Илдет аныктылгандар:

Бишкек шаарында – 124;
Ош шаарында – 1;
Чүй облусунда – 73;
Ош облусунда – 7;
Талас облусунда – 5;
Нарын облусунда – 5;
Ысык-Көл облусунда – 15;
Жалал-Абад облусунда – 6;
Баткен облусунда – 0.

Ошондой эле инфекция 4 медицина кызматкеринен табылган.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 235 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 4, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 99 миң 845 адамдан аныкталды. Анын ичинен 92 миң 953 бейтап айыгып, 1 миң 687 киши каза болду.

 

Exit mobile version