16-апрель: Коронавирус 230 адамдан аныкталып, 4 киши каза болду

16-апрель: Коронавирус 230 адамдан аныкталып, 4 киши каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 230 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 4394 ПЧР изилдөөлөр жүргүзүлүп, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда оору көп аныкталды. Ошондой эле инфекция 3 медицина кызматкеринен табылган.

Алар:

Бишкек шаарында – 131;
Ош шаарында – 3;
Чүй облусунда – 70;
Ош облусунда – 3;
Талас облусунда – 1;
Нарын облусунда – 4;
Ысык-Көл облусунда – 12;
Жалал-Абад облусунда – 4;
Баткен облусунда – 2.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 130 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 3, Чүйдө 1 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 91 миң 374 адамдан аныкталды. Анын ичинен 86 миң 621 бейтап айыгып, 1 миң 544 киши каза болду.

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>