Бакыт Төрөбаев журналисттерди айыптады

Бакыт Төрөбаев журналисттерди айыптады

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев журналисттер коомчулугуна кайрылып, алардын ишин сынга алды.

«Журналисттер жалган жалаа, кара пияр, фейк, хайп менен алектенип калдыңар. Өлкөдөгү көйгөйлүү маселер боюнча сунуш, талаптарыңыздар өкмөттүн чечим кабыл алуусуна таасир этип жатат. Эл болсо сизердин пикирге байланып калды. Мисалы “Азаттык” 700 млн доллар сыртка чыгып кеткен деп иликтөө жасады. Кийин 5-каналдын иликтөөсүн көрүп, ача пикир туулду. «Азаттыктын» журналисти материалды тактабай, жасалма документтерге таянып жасаган деген ой коомчулуктун терең катмарында пайда болду. Менде да күмөн ой жаралды», — деди ал.

Ошондой эле Төрөбаев журналисттер оң маанайдагы маалыматтарды коомго жайылтса өлкөгө келген туристтердин саны артмак деди.

Криминалдык, интригалык, саясий туруксуздук темасындагы жаңылыктарканчалыккөпжарыяланса, бизгекелчүүчүтуристтердинсаныошончолуккыскарат», — деди Төрөбаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>