17-августта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт

17-августта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт

Эртең, 17-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Мындай маалымат Кыргызгидрометтин сайтынан алынды.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 14…19. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда абдан катуу жаайт. 

Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 16…21 градус болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 25…27° болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>