18-сентябрь: Кыргызстанда илдет дагы 91 адамдан аныкталды, 98и айыкты

18-сентябрь: Кыргызстанда илдет дагы 91 адамдан аныкталды, 98и айыкты

Акыркы суткада Кыргызстанда илдет дагы 91 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 7, Ош – 3, Чүй облусу – 11, Ош облусу – 15, Талас облусу – 3, Нарын облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 15, Жалал-Абад облусу – 15, Баткен облусу – 20.

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 45 миң 244 адамга жуккан.

Соңку суткада вирустан каза болгондор катталган жок. Буга чейин илдеттен 1 миң 63 адам көз жумган.

Ал эми акыкы суткада 98 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.  Жалпы айыккан бейтаптардын саны 41 миң 415.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>