19-апрель: Коронавирус 221 адамдан аныкталып, 6 киши каза болду

19-апрель: Коронавирус 221 адамдан аныкталып, 6 киши каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 221 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, коронавирус Бишкек шаарында жана Чүй облусунда оору көп аныкталды. Ошондой эле инфекция 2 медицина кызматкеринен табылган.

Алар:

Бишкек шаарында – 152;
Ош шаарында – 4;
Чүй облусунда – 22;
Ош облусунда – 2;
Талас облусунда – 0;
Нарын облусунда – 12;
Ысык-Көл облусунда – 18;
Жалал-Абад облусунда – 2;
Баткен облусунда – 0.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 149 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 2, Чүй облусунда 4 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 92 миң 095 адамдан аныкталды. Анын ичинен 87 миң 057 бейтап айыгып, 1 миң 555 киши каза болду.

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>