20-апрель: Коронавирус 225 адамдан аныкталып, 2 киши каза болду

20-апрель: Коронавирус 225 адамдан аныкталып, 2 киши каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 225 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 5021 кишиден ПЧР тест алынган.

Алар:

Бишкек шаарында – 117;
Ош шаарында – 0;
Чүй облусунда – 82;
Ош облусунда – 4;
Талас облусунда – 1;
Нарын облусунда – 4;
Ысык-Көл облусунда – 12;
Жалал-Абад облусунда – 5;
Баткен облусунда – 0.

Ошондой эле инфекция 4 медицина кызматкеринен табылган.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 173 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 1, Чүй облусунда 1 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 92 миң 320 адамдан аныкталды. Анын ичинен 87 миң 299 бейтап айыгып, 1 миң 557 киши каза болду.

Рубрики: COVID-19 , ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>