21-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

21-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 21-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Баткен, Чүй облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 31…36,

Жалал-Абад, Ош дубандарында түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36,

Талас жергесинде түнкүсүн 14…19, күндүз 27…32,

Нарын аймагында түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23,

Бишкек шаарында түнкүсүн 15…17, күндүз 34…36 градус болот. Баш калаада батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жаан-чачын болбойт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>